Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта жана блокадада көз жумгандар эскерилди

Улуу Ата Мекендик согушта жана Ленинграл блокадасында курман болгондор эскерилип, Бишкекте жүздөгөн шам жагылды. 80 жыл мурун, 1943-жылдын январында Ленинград блокададан чыккан эле. Толугу менен туура бир жылдан кийин бошотулган. Блокадада көз жумгандардын так саны белгисиз, ар кыл маалыматтар боюнча, 400 миңден 1,5 миллион кишиге чейин деп айтылат. Блокада учурунда Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң киши эвакуацияланган, анын 3,5 миңи балдар эле. Бишкектен сырткары, аталган акция дагы тогуз шаар менен бир катар айылдарда өттү.
Back to Top