Бишкекте лбс полк акциясына чыккандар жршн баштады

Бишкек шаарында “Өлбөс полк“ акциясына чыккандардын жүрүшү баштады. Бүгүн эртең менен миңдеген адамдар калаанын Түштүк дарбазасына чогулуп, саат 9:00дөн кийин жүрүшкө чыгышты. Алар Түштүк магистралдан баштап Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин келишет. Бул акция 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Алгач Ош шаарында башталган. 2014-2015-жылдары Бишкекте өтүп, ага үч миң адам катышкан. 2017-жылы 50 миңден ашык киши жүрүшкө чыккан. Жыл сайын көптөгөн жаңы шаарлар, айылдар кошулуп жатат. Акциянын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун каармандарынын сүрөттөрүн көтөрүп 2,5 саат жөө басып келишет.
Back to Top