Бишкекте Хор Турецкого менен Сопрано концерт коюп жатат. Видео

Бишкекте Unity Songs эл аралык акциясынын алкагында “Хор Турецкого” жана “Сопрано“ арт-тобунун концерти өтүп жатат. Чыгармачылык жамааттар “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанында талантын тартуулоодо. Хордун негиздөөчүсү Михаил Турецкий май майрамдарында Бишкекке келүү салтка айланып калганын билдирди. “Биз булжакка майрам уюштуруу үчүн, достук мамилени көрсөтүү максатында келебиз”, - деди ал. Турецкий кыргызстандыктарды келе жаткан Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады. “Фашисттик Германияны жеңүү — бул өткөн кылымдагы башкы окуя”, - деп кошумчалады артист.
Back to Top