Бишкекте блокадачы Анна Кутанованын эстелиги салтанаттуу трд ачылды
Бүгүн Бишкекте белгилүү блокадачы Анна Кутанованын эстелиги ачылды. Sputnik Кыргызстан бул иш-чарадан тартылган видеону сунуштайт.
Митинг-реквиемге анын туугандары, блокадачылар, РФтин КРдеги элчилигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келди.
Ленинград блокадачылары кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов апасынын эрдигин эскерди.
“Биздин апабыз Ленинградда туулган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал 11 башта болгон экен. Ал блокаданын каардуу күндөрүн каармандык менен өткөргөн. Өзүнүн өспүрүм курдаштары менен биргеликте Ленинградды коргоого салым кошкон. Бомбанын отторун өчүрүп, кабар жеткирип, элге жардам беришкен. 1943-жылы жайында ал “Ленинградды коргоо үчүн“ медалы менен сыйланган“,— деди Кутанова.
Анна Кутанованы институту бүткөндөн кийин Фрунзеге жөнөтүшкөн
Бул жактан ал турмушка чыгып, орун-очок алып калган
“Анна Алексеевнанын басып өткөн жолу элге жана мекенге кызмат кылуунун анык үлгүсү. Ал киндик каны тамган шаарын коргогон, ал эми Кыргызстанда экинчи үйүн тапты. Анна Алексеевнанын татыктуу эмгек жолу балдарынын, неберелеринин, миңдеген студенттеринин жүрөгүндө сакталат“, — деди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев.
Анна Кутанова Бишкектеги Финансы техникалык институтунда сабак берген.
Ал тарыхты так сактап калуу үчүн көп жумуштарды жасаган.
Анын демилгеси менен Бишкекте Ленинград блокадачыларынын эстелиги орнотулган. Ошондой эле
Блодка тарыхы музейи ачылган.
Ал жайда түрдүү иш-чаралар өтөт, жаштар жана ардагерлер чогулуп турат.
Жакында эле бул музейге Москвадан “Эскерүү отун“ алып келишти
Анна Кутанова коомдогу активдүү позициясы үчүн түрдүү медаль жана ордендер менен сыйланган.
21 view
240
63
2 years ago 00:00:59 53
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согушта жана блокадада көз жумгандар эскерилди
2 years ago 00:02:38 215
Бишкекте блокадачы Анна Кутанованын эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды