Чолпонбай Тлбердиевдин 100 жылдыгы. Баатырды эскер иш-чарасынан срттр

Бишкекте Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына арналган жыйын-реквием өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Иш-чарага шаардыктар, мектеп окуучулары, Ленинград блокадасынан аман калгандар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ЖК депутаттары жана Коргоо мнистрлигинин өкүлдөрү катышты. Аза күтүү мүнөтү жарыяланып, Ардак кароолдун ротасы үч жолу асманга мылтык атты. Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Воронеж фронтунун 6-армиясынын чабуул коюу операциясын жүргүзүү үчүн төшүн бункердин амбразурасына тосуп, стратегиялык таяныч пунктун басып алууга жардам берген. Жыйын-реквиемдин аягында катышуучулар эстеликке гүл коюшту. Белгилей кетсек, Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгын белгилөө министрлер кабинетинин буйругуна ылайык республикалык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмесине киргизилген.
Back to Top