Бишкекте россиялык “Кванториум” технопаркы балдарга мастер-класс өткөрдү

Бишкекте россиялык “Кванториум” технопаркы мастер-класс өткөрдү. Анда балдарга учкучсуз учуучу аппараттар кантип иштээрин, виртуалдуу реалдуулук жана 3d-моделдөө деген эмне экенин түшүндүрүп беришти. Мастер-класстар Бишкекте, Кара-Балта жана Токмокто 27-сентябрга чейин уланат. “Кванториум” балдар технопаркынын директору Юлий Фукин мастер-класска катышкан ар бир бала чакан түзүлүштөрдү жасоого мүмкүнчүлүк алат. “Биз балдарга күн батареялары тууралана турган спутниктин макетин алып келдик. Мастер-класска катышкан ар бир бала күн нурунан кубат алган чакан түзүлүш жасоого мүмкүнчүлүк алат”, - деди ал.
Back to Top