Бишкекте бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатынын финалы өттү

Бишкекте бильярд спорту боюнча дүйнө чемпионатынын “Айкалышкан пирамида” дисциплинасы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Эркектер арасында биринчи орунду Никита Володин (Россия), экинчини Ернар Чимбаев (Казакстан), үчүнчүнү Жанибек Казыбеков (Казакстан) менен Дастан Лепшаков (Кыргызстан) ээледи. Аялдар арасында алгачкы төрт орунду россиялык Диана Миронова, Лилия Панова, Марианна Ларченко жана Дарья Михайлова илип кетти. Сыйлык ээлерине кубок, медаль жана акчалай сыйлык тапшырылды. Жалпысынан иш-чарага дүйнөнүн 20га жакын өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу келди. Оюн “Газпром-балдарга“ ден соолукту чыңдоо борборунда өттү.
Back to Top