Бишкекте бекем й-бллр сыйланды

Иш-чаранын максаты сүйүү, үй-бүлөлүк бакыт, бала тарбиялоо баалуулуктарын дагы бир эске салуу экени айтылды. Өлкөдө Үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнү белгиленип, 25 жылдан ашуун чогуу түтүн булаткан жубайлар Сүйүү жана ишеним үчүн медалы менен сыйланышты. Азем Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын Орус православ чиркөөсүндө өттү. Быйыл сыйлыкка 27 бүлө татыды. Медаль Светлана Медведева башында турган Россиянын социалдык-маданий демилгелер фонду тарабынан негизделген. Иш-чараны Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Кыргызстан епархиясынын Орус православ чиркөөсү жана россиялык мекендештер уюму уюштурду.
Back to Top