Бишкекте Хабибдин EFC турнири кандай өттү. Эң кызыктуу учурлары видеодо

Борбор калаада UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун Eagle FC 49 аталышындагы турнири өттү. Кеченин башкы беттешинде чемпиондук наам үчүн Бусурманкул Абдибаит уулу күч сынашты. Абдибаит уулу россиялык Расул Магомедов менен беш раунд бою кызыктуу кармаш көрсөткөнү менен калыстардын чечиминин негизинде жеңиш атаандашына ыйгарылды. Мушкер турнирге бир күн калганда салмагын тууралай (65,8 кг) албай калгандыктан, эреже боюнча чемпиондук наамынан ажыратылып, беттешүү мүмкүнчүлүгү сакталган. Бирок турнирге упайы кемитилип чыккан. Иш-чара борбор калаадагы “Бишкек арена“ спорттук жайында болду. Жалпы 14 беттеш көрсөтүлдү. Борбор калаага Нурмагомедов менен бирге блогер Хасбик келген.
Back to Top