Чүй облусунун Орок айылында улуттар аралык жаңжал чыкты

Бүгүн, 5-июнда Бишкекке жанаша жайгашкан Орок айылында эрте менен .да Айт намаздан кийин кыргыз жана түрк улутундагы 3 жигит мушташа кетишип, алардын бири 17 жаштагы А.Т. оор таяк жеп ооруканага түшкөн. Милиция дароо чара көрүп, мушташка катышкан 23 жашар А.К. менен 17 жашар А.А. кармалышкан жана сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жаткан. Бирок түштөн кийин айылдын кыргыз жана түрк улутундагы жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, милициянын чоң күчтөрү жаңжалды басышып, 10дон ашык жаранды камакка алган.
Back to Top