БЕШ БАЛАСЫ МАЙЫП ҮЙ-БҮЛӨ ЖАҢЫ ҮЙЛҮҮ БОЛДУ

Камчыбек Ташиев 10 балалуу үй-бүлөгө үй куруп берди Жаңы турак-жай 3 ай аралыгында бүт шарты менен курулуп, Чырмаш Молдояровдордун үй-бүлөсүнө өткөрүлдү. Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-сентябрда Кара-Кулжа районунда жаңы үйдүн ачкычын жергиликтүү тургундардын, аксакалдардын катышуусунда тапшырды. Чырмаш Молдояров Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну. Бул үй-бүлөдө 10 баладан бешөөсүнүн ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелүү. Молдояровдор көп жылдан бери үй салууга чамасы келбей, жаңы тамга муктаж болуп келишкен. Мындан улам ушул жылдын март айында Камчыбек Ташиевге кайрылашкан. Молдояровдорго жаңы үй бардык заманбап жашоо шарты менен тургузулду. Аталган үй-бүлөнүн кайрылуусуна жооп кылып, тез арада жаңы үй салып берген Камчыбек Ташиевге ыраазы болуп, чоң колдоо болгонун айтып, жергиликтүү аксакалдар ак батасын беришти. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 @azamatlivekg #кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар
Back to Top