Чүйдөгү жааган мөндүрдөн ондогон гектар мөмө-жемиш, эгин талаалар заянга учурады

ӨКМ басма сөз кызматы Чүй облусунун Токмок шаарында жана Панфилов, Москва, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин, Жайыл райондорунда мөндүр аралаш жаан жаап өткөнүн кабарлашты. «Жааган жаандын кесепетинен Жайыл районунун Сары-Булак, Сосновка, Полтавка айыл аймактарынын болжол менен 50 гектар мөмө-жемиш менен 750 гектар эгин талааларынын кылкандуу дан эгиндерине зыян келтирген. Москва районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тоо этектериндеги айдоо аянтары болжол менен 70 гектарга жакын арпа, буудай, жүгөрү, кызылча талаалары жааган жаандын кесепетинен зыян келтирлилген. Петровка айыл өкмөтүнүн 100 гектарга жакын кылкандуу дан эгиндери жабыркаган. Аталган эки райондун аймактарында айдоо аянттарына зыянга учурураган чыгымды тактоо үчүн райондук Жарандык коргоо комиссиясы иштеп атат. Калган район аймактарында да жаан аралаш мөндүр жаап өтүп, жабыркагандар жок» - деп айтылат маалыматта.
Back to Top