Эгемен Кыргызстандын биринчи элчилигинин тарыхы. Тилектеш Ишемкуловдун маеги
24-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 33 жылдык мааракесин белгилейт. 1991-жылы республика эгемендүүлүк алган соң ведомствонун кызматкерлери коңшу мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүүгө чоң эмгек кылышты.
Ал кезде аталган министрлик жаңыдан түптөлүп, мамлекет жетекчилиги дүйнөлүк аренада тышкы саясатты кандай нукта жүргүзүүнү билбей турган учур эле. Бир жагынан адистер аз болчу. Экинчи жагынан ведомство жетишерлик каржыланчу эмес. Буга карабастан ТИМ туңгуюктан чыга алды. Эгемен Кыргызстандын эң биринчи элчилиги кошуна Казакстанга ачылган. Тарыхый процесс тууралуу колумнист Алмаз Батилов өлкөнүн Казакстандагы туңгуч элчиси Тилектеш Ишемкулов менен маектешкен.
“1992-жылы мени вице-премьер Абдыганы Эркебаев чакырды. “Кыргыз Туусу“ гезитинин башкы редактору элем. Жетекчилик Россияга элчилик ачууга ниеттенип калган экен, эң биринчи дипмиссияны коңшу Казакстанда ачуу абзел экенин, казактар кыргызга абдан жакын эл экенин айттым. Акыры сунушум боюнча Казакстанда элчилик ачылды. Акаев 1992-жылы декабрда Казакстанда Кыргызстандын дипломатиялык миссиясын ачып, мени элчи кылып дайындоо, атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи рангын ыйгаруу тууралуу үч жарлыкка кол койду. Мындай окуя өлкөнүн тарыхында сейрек болгон“, — деди Ишемкулов.
Дипломат иштеги айрым тоскоолдуктар тууралуу да айтып берген.
288 views
50
24
1 month ago 00:12:16 288
Эгемен Кыргызстандын биринчи элчилигинин тарыхы. Тилектеш Ишемкуловдун маеги
2 years ago 00:10:44 197
21 жашында курман болгон. Жумаш Асаналиевге арналган Минскидеги эстелик
2 years ago 00:15:08 898
Интернационалист жоокер Мадымаев: вьетнамдыктар бизди бомбадан денеси менен калкалачу
2 years ago 00:01:46 240
Өтө опурталдуу. Депутат АКШ аскер делегациясынын Баткенге келишинен чочулады
2 years ago 00:01:34 86
Тар жол, тайгак кечүү... Кыргызстандын 31 жылда басып өткөн жолу видеодо
7 years ago 00:01:09 23
Аскар Акаев эгемен Кыргызстандын бешинчи президентин шайлоо тууралуу