Өтө опурталдуу. Депутат АКШ аскер делегациясынын Баткенге келишинен чочулады

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров АКШнын аскер делегациясы Баткенге кандай макамда келгенин билүүгө кызыкты. Эл өкүлү алардын сапары түшүнүксүз болуп жатканын айтып, Кыргызстандын АКШ менен аскердик кызматташуу тууралуу келишими жоктугун белгиледи. “АКШнын аскер делегациясын биздин министрдин орун басарлары тосуп алып, чоң иш-чаралар өтүп жатат. Бул эгемен өлкөгө, болгондо дагы кошуна мамлекет менен кырдаал ушундай болуп турганда болуп көрбөгөндөй жорук. Биз ЖККУнун мүчөсүбүз, түшүнүксүз маселе болуп жатат. АКШнын аскер делегациясы кандай макамда келди, ким чакырды, кимдер менен кызматташып жатат? Ушул боюнча бүгүн кечке чейин жооп берип койсоңор. Бул — биздин мамлекеттин тышкы саясатына өтө опурталдуу өзгөртүү киргизүүчү позиция. Жөнөкөй эле туристтердин келип кеткени эмес“, — деди Мадумаров. Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов аталган маселени тактай турганын, керек болсо жооптуу органдар сөзсүз келип маалымат беришерин айтты. Белгилей кетсек, 17-октябрда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Баткенге келип, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов баштаган жетекчилик курам тосуп алган. Аларга ишмердүүлүгү менен тааныштырып, эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү жаатында сүйлөшүшкөн. Буга чейин депутат Исхак Масалиев дагы АКШнын аскердик делегациясынын келишинен шек санаган. “Чек ара тууралуу маалымат депутаттар жана өзүнүн эли үчүн жашыруун, бирок башка өлкөнүн аскерлерине бере беришеби? Бул шпиончулук, чалгындоо маалыматтарын чогултуу эмеспи? Эмнеге жума сайын кыргыз аткаминерлери АКШдан келген адамдар менен жолугуп, аларга арызданып, жардам сурап жатат?” — деп жазган Масалиев социалдык тармактагы баракчасына.
Back to Top