Жоламан UWW версиясында жылдын мыкты балбаны наамына ат салышууда

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясында “Грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын мыкты балбаны“ наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады. Аталган наамды алууга дүйнөлүк деңгээлдеги беш балбан көрсөтүлгөн: 🔸Эльданиз Азизли (55 кг) — Азербайжан; 🔸Жоламан Шаршенбеков (60 кг) — Кыргызстан; 🔸Бурхан Акбудак (82 кг) — Түркия; 🔸Риза Каялп (110 кг) — Түркия; 🔸Зураби Датунашвили (74 кг) — Сербия. 2022-жылы Жоламан дүйнө чемпионатын, Азия чемпионатын жана Ислам тилектештик оюндарын утуп, ири эл аралык турнирлерден бир күмүш жана эки коло алды. Эске сала кетсек, Шаршенбеков 20-декабрда Бишкекте өтө турган “Поддубныйдын күрөш лигасы“ турниринин алкагында күрөшөт. Атаандашы Россиянын алдыңкы спортчусу Анвар Аллахьяров болмокчу.
Back to Top