Жоламан дем берип... UWW кыргызстандык спортчу катышкан ролик жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW — грек-рим, эркин жана аялдар күрөшүнүн эл аралык федерациясы) кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков катышкан ролик жарыялады. Видео жаш муунга дем берүү форматында даярдалган. “Спорттун бул түрү менен алектенген миңдеген кыз-жигиттер өздөрүнүн жылдызы жанчу учурун күтүп келишет. Өжөрлүк дайыма талантты жеңет. Сенде дүйнөдө жок талант бар дейли, өжөрлүкчү, өжөрсүңбү? — деген сөздөр коштолгон роликте. Анда “НБАга топ жаадыруу“ фильминдеги Адам Сэндлердин үнү коюлган. Эске салсак, UWW Шаршенбековду жылдын балбаны деп тандаган.
Back to Top