Кыргызстан Россиядан сатып алган негизги 7 товар

Жетинчи орунда кумшекер турат. Январь-май айлар аралыгында Кыргызстан 17 миллион 900 миң долларлык шекер сатып алган. Алтынчы орунду суммасы 18,3 миллион долларды түзүп жыгач жана жыгач буюмдары ээлейт. Бешинчи катарга какао менен шоколад чыккан. Бул товарларга беш айда кыргызстандыктар 19 миллиондон ашык доллар сарптаган. Төртүнчү орунда автоунаалар турат, анын жалпы баасы дээрлик 24 миллион долларга жеткен. Үчүнчү сапта дан азыктары турат, негизинен буудай сатып алынган. Январдан майдын аягына чейин буга 26 миллиондон ашык доллар сарпталган. Экинчи катарга кара металл товарлары чыккан. Бул үчүн КР жарандары 129 миллион доллар жумшашкан. Сап башында күйүүчү май турат: беш ай аралыгында Кыргызстан Россиядан 523 миллион долларлык газ жана бензин сатып алган.
Back to Top