Бишкектин чок ортосуна аскер техникалары коюлду

Бишкектеги “Ала-Тоо“ жана эски аянттарында жаңы аскер техникалары менен ӨКМге бериле турчу өрт өчүрүүчү автоунаалар тизилди. Буга чейин “Ала-Тоо“ жана эски аянттарга 24-март кечки саат 22:00дөн 25-март саат 11:00гө чейин кирүүгө болбой турганы кабарланган. Анда Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейин тосулаары айтылат. Бул иштер чек арачылар менен ӨКМге жаңы техникаларды тапшыруу салтанатына байланыштуу жасалууда. Эске салсак, Кыргызстанга 22-мартта Россиядан өрт өчүрүүчү заманбап 58 техника алып келинген.
Back to Top