Бишкекте марш учурунда милиция бир активистти кармады

Бишкектин чок ортосунда согушка каршы өткөн маршта активист кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди. Ал болжол менен саат 14:00дөр чамасында “Ала-Тоо“ аянтынан кармалган. Биринчи май райондук милициясынын маалымат кызматы азырынча бул боюнча түшүндүрмө бере элек. Алдын ала маалымат боюнча, активист милиция кызматкерлери менен жаңжалдаша кеткен. Аны милиционер менен кармашып, жулкулдатканы үчүн кармап алып кетишкен. “Тынчтык! Март! Марш!“ деп аталган марштын уюштуруучулары аялдарды согушка каршы биригүүгө чакырат. Катышуучулар жүрүшүн Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинен баштап революциянын каармандары эстелигине чейин келишти.
Back to Top