Ден соолугу чы бала трг кантип камдануу керек Гинекологдун маеги
Айчүрөк Саркишева көп жыл Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде акушер болуп иштеген, учурда жеке менчик медициналык клиникада гинеколог. Маек учурунда ал бойго бүтүүдөн сактануунун ыкмалары, бойдон алдыруунун жолдору, кесепети, эне болууга даярдык тууралуу айтып берди.
Ата-эне болуу — өтө чоң жоопкерчилик. Бул ириде жарыкка ден соолугу чың баланы алып келүү. Болочоктогу эне өзүнүн саламаттыгын жакшы карап, керектүү медициналык маалыматтарды алып турса, ал бөбөктүн алты саны аман төрөлүшүнө көмөкчү болот. Акушер-гинекологдун айтымында, аял киши бойго бүткөнгө чейин жана кош бойлуу кезинде дарыгер жазып берген йодомарин менен фолий кычкылын калтырбай ичиши керек. Ал ымыркайдын нерв системасына, жүрөгүнө пайда. Айрым учурда гормоналдык бузулуулардын кесепетинен түйүлдүк өспөй калышы ыктымал.
“Көп учурда түйүлдүктүн өспөй калышы 12 жумага чейинки убакта кездешет. Бул калкан безинин иштешинин бузулушуна байланыштуу. Анткени аталган без менен жумуртка бези бир системада иштейт. Калкан безинде гормон жетишсиз болсо, түйүлдүктүн өрчүп-өнүгүүсүнө терс таасир этип, тамактануусу, кан жүгүрүүсү токтойт. Мындай учурда дыкат текшерилип, гормоналдык жактан дарыланып, 6 айдан бир жылга чейин сактанып анан бойго бүтүрсө, наристенин айына жетип төрөлүшүнө жакшы шарттар түзүлөт”, — деди Саркишева.
Дарыгер муну менен катар эле бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу, анын зыяны жана пайдасы тууралуу айтып берди.
40 views
332
86
4 months ago 00:06:14 1
БЕШ БАЛАСЫ МАЙЫП ҮЙ-БҮЛӨ ЖАҢЫ ҮЙЛҮҮ БОЛДУ
4 months ago 00:29:32 1
Кыргыздын улуу уулу-Исхак Раззаков
4 months ago 00:00:54 335
Күйүп калган балага атасынын терисин чаптадык
8 months ago 00:11:28 13
ДЕПУТАТТАР АТАТҮРК ПАРКындагы ҮЙЛӨРДҮ БУЗУУГА КАРШЫ чыгышты \\ Не Жанылык
1 year ago 00:00:58 40
63 жыл мурда космоско учуучуларды даярдаган борбор ачылган
2 years ago 00:16:54 177
Ден соолугу чың бала төрөөгө кантип камдануу керек? Гинекологдун маеги
2 years ago 00:24:54 28
“АЧЫК КЕП“ /// Өспүрүм кыздардын саламаттыгындагы олуттуу учурлар/// . 2023
2 years ago 00:02:04 233
Баллон менен муз тепкен кишинин тамагын бутак айрып... Сабыр Жумабековдун маеги
3 years ago 00:02:16 24
Сүйгөн кызыма үйлөндүм
3 years ago 00:01:20 86
Бүгүн тирүүмүн! Алмазбек Атамбаевдин соттук отурумга келген видеосу
3 years ago 00:00:19 110
Атамбаевди сотко алып келишип, бирок ал автоунаадан түшпөй койду
6 years ago 00:04:17 1
Буга чейин мал союучу жайлар эскертилген
7 years ago 00:02:47 12
«Балдарымдын ден соолугу үчүн корком». Майлуу-Сууда тургундар эски түтүктөн кир суу ичишет
9 years ago 00:05:14 71
Баламдын ден соолугу мыкты болчу, ит сыяктуу өлтүрүп салышты