Жеке маалымат тарап кетпейби? Эл каттоо тууралуу суроолорго жооптор видеодо

Бүгүндөн тарта өлкөдө элди жана турак жай фондун каттоо кампаниясы башталды. Sputnik Кыргызстан редакциясы калкты кызыктырган суроолорго жооп даярдады. Кыргызстанда 25-марттан 3-апрелге чейин элди жана турак жай фондун каттоо өткөрүлөт. Айрым гана аймактарда ал 23-апрелден 2-майга чейин пландалган. Соңку ирет бул иш-чара Кыргызстанда 2009-жылы болгон. Бул жолу эл каттоо алгачкы ирет электрондук форматта өтөт. Маалыматтар мурдагыдай кагазга жазылбайт. Анын ордуна каттоочунун смартфонундагы мобилдик тиркеме колдонулат. Сурамжылоо аркылуу алынган маалыматтар дароо Статистика боюнча улуттук комитеттин серверине жөнөтүлөт. Эл каттоо аркылуу бийлик калктын азыркы жашоо-турмушу кандай экенин билип, ошого жараша келечекке план түзөт. #элкаттоо
Back to Top