Глмира Макелек кызы: кыргыз жигитке турмушка чыгууга каршы эмесмин. Видеомаек

Гүлмира Макелек кызы этникалык кыргыз. Ал Кыргызстанга окуу үчүн келип калып калган. Комуздун коштоосунда жана эстрада жаатында ырларын тартуулап келет. Ырчы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине келип маек куруп кетти. Гүлмира Кыргыз улуттук консерваториясын аяктаган, учурда музыкалык мектептердин биринде мугалим. Ырчылыктын опера, эстрада жана фольклор багыттарын өздөштүргөн. “Негизи комуз менен элдик ырларды көп аткарам. Себеби фольклордук ырчылар элдик чыгармаларга жакын болушубуз керек. Андай чыгармалар барган сайын жок болуп баратат. Бул жакта жалгыз болгондон кийин көп тоскоолдуктар болот экен. Мисалы, телевидениеге же радиого барып ырдайын десең акча талап кылат. Жатаканада мен ижара төлөп жашайм. Кээде чыгармаларды алып туруп унчукпай коюшат, өткөн-өтпөгөнүн билбейсиң. Менин кыргыз маданиятына салымымды кошоюн деген ниетим күч“, — деди Макелек кызы. Ал ошондой эле жеке жашоосу тууралуу суроолорго жооп берип, бул жактан кыргыз жигитке турмушка чыгууга каршы эместигин билдирди. Гүлмира жети жыл мурун Кытайдын Кызыл-Суу автономиялуу облусунун Ак-Чий районунан келген. Бишкекте өзү жалгыз турат. Жакын туугандарынын бардыгы Кытайда.
Back to Top