Бишкекте эл аралык Оймо этно фестивалы башталды

Бишкекте салттык маданият жана кол өнөрчүлөрдүн эл аралык “Оймо“ фестивалы башталды. Ал Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп жатат. Белгилей кетсек, “Оймо“ фестивалы Кыргызстанда 16-жолу өткөрүлүп жатат. Бишкекте 28-июлдан 31-июлга чейин, ал эми Чолпон-Атада 2-7-августта “Рух-Ордо“ комплексине бурула турган жерге жакын жайгашкан сейил бакта уюштурулат. Иш-чаранын уюштуруучулары: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, CACSARC-kg борбору, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши, “Кыял“ улуттук бирикмеси, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларынын мэриялары, ЮНЕСКО, Кыргызпатент, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Сүймөнкул Чокморов атындагы № 92 кесиптик лицей, Креативдүү индустрия ассоциациясы, Кыргызстандын куурчак менен алектенген уюму. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу “Оймо“ эл аралык фестивалынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.
Back to Top