й, машина алчулар эки себептен улам алданат

О-о-ой, күндө да. Алданып келгендер күндө болот. Мен айтам анан, биздин эл ак пейил, ак көңүлсүңөр, билип туруп ушуну кайра кыласыңар деп. Азыр Бишкекте, Кыргызстанда машина алып-сатууда өтө көп алданып жатышат. Баарыбыз билебиз ишеним кат менен машинаны сатып аласыңар, анан билип туруп эле алдамчылык фактыларга түшөсүңөр. Үй сатып алганда да алданган учурлар көп. Үйдү сатып алып, көйгөйлөрү башталганда анан келесиңер, эмнеге сатып алардын астында бүт документтериңерди каратып албайсыңар дейм. Көбүнчө анын эки фактору болот: ошол адамдын ак пейил, ак көңүлдүгү, ар бир адамды өзүндөй ойлогону. Экинчиси – ошол мүлктүн арзандыгы. Көп учурларда арзандыгына кызыгып алгандар көйгөйлүү мүлккө туш болот. Юристке барбайт, сатуучуга акчасын берип алып, өзү акчасыз калгандан кийин анан юрист издеп башташат.
Back to Top