Бишкекте жздгн адамдар Россиядагы президенттик шайлоого келишти

Бүгүн Кыргызстандын аймагында төрт шайлоо тилкеси ачылды. Шайлоо участокторунун бири Россиянын Бишкектеги элчилигинин имаратында жайгашкан. Добуш берүү саат 08:00дө башталды. Атуулдук милдетин аткаруу үчүн айрымдар шайлоо тилкеси ачылганга чейин эле келишкен. Саат 10:00гө карата добуш берүүчүлөрдүн узун кезеги дээрлик кийинки көчөгө чейин жетти. Белгилей кетсек, президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.
Back to Top