«УЛУУ АШ» кыскаметраждуу анимациялык тасмасы!

“Улуу Аш“ тасмасы - кырк уруу кыргызды бир асабанын түбүнө түптөлүүгө, бир тагдырга биригүүгө чакырык таштаган окуяны сүрөттөйт. Ал тагдыр - жалпыга бирдей элдик тагдыр гана болушу зарыл эле. Ошол мезгил, так ошол улуу аштын учуру - кыргыздын келечегин миӊдеген жылдарга карай аныктап бере турган жагдайга айланган болучу. Ооба, Көкөтөй хандын ашы болуп көрбөгөндөй тарыхый чоң окуяны жаратканын ким танат. Чынында эле, кыйыры океанга чейин кеткен Азия менен Европанын бүтүндөй калкын чакырып, кыргыздар ар элдин башын бир жерге кошкону айкын чындык эмеспи. Көчмөндөрдүн алгачкы олимпиадалык оюндарынын башаты да дал ошол Каркырадан башталган деп бекеринен айтылбай жүрөт. ...Улуу аштын мааниси жана сыры тасманын соңундагы баатырлардын жыйынына катылып, дал ошол жыйында айтылган батанын өзөгү да тасмабызды баштан аяк баян этет. Сценарий Ашым Жакыпбековдун «Теӊири Манас» романынын негизинде жазылды Сценарийди даярдагандар: Айбек Байымбетов, Салтанат Кыдырмаева Режиссер: Татьяна Зеленская Сүрөтчүлөр: Татьяна Зеленская, Татьяна Дедикова Анимация, композитинг, монтаж жана үн эффектилери: Егор Танков Музыкасы: Айжамал Алибаева, Мунара Корпотаева, Акай Айдаралиев Үн коштоо: Нурлан Салидинов, Атай Өмүрбеков Продюссер: Айбек Байымбетов «Улуу Аш» короткометражный анимационный фильм (motion comics) Фильм рассказывает об истории объединения кыргызских племен во имя общей судьбы. Судьба, которая должна была стать одной на всех. Это было время великих событий, которое определило будущее кыргызского народа на последующие тысячелетия. История того времени еще не знала столь масштабного события, чем поминки по Кокетей хану. Поистине, кыргызы тогда собрали всех представителей народов Азии и Европы. Возможно, тогда и зародились первые в истории олимпийские игры кочевников на просторах Центральной Азии. ...Но более важным моментом стал совет мудрецов и батыров по окончанию поминок, о чем и повествуется в нашем фильме. Сценарий составлен по роману Ашыма Жакыпбекова «Тенири Манас» Cценарий подготовили: Айбек Байымбетов, Салтанат Кыдырмаева Режиссер: Татьяна Зеленская Художники: Татьяна Зеленская, Татьяна Дедикова Анимация, композитинг, монтаж, звуковые эффекты: Егор Танков Музыка: Айжамал Алибаева, Мунара Корпотаева, Акай Айдаралиев Голос: Нурлан Салидинов, Атай Өмүрбеков Продюссер: Айбек Байымбетов #Манас #эпос #бкр #исур #акшумкаркут #жаштар_демилгеси
Back to Top