Алымбек Датка ким болгон?

Тарых - өткөн доорлордо жашап өткөн адамдардын жакшы иш аракетинен үлгү, жаманынан сабак ала турган улуу мектеп. Ошондуктан тарыхый инсандарсыз тарых илими толук болбойт. Тилекке каршы сексен жылдык Совет учурунда бул илим идеологиянын куралына айландырылган. Баскынчы советтик режимге, ага чейинки баскынчы падышалык бийлике каршы күрөшкөн эл баатырлары “чыккынчы” “басмачы” аталып, алардын басып өткөн жолун изилдөө да чыккынчылык аталчу. Саясат тарыхтан жогору коюлган ошол убактарда; Алымбек датканын да жашоо таржымалын өчүрүп, жок кылуунун аракеттерин жасашканына карабай, бул кишини элдин эсинен жана жүрөгүнөн толук өчүрө алышкан эмес. Анткени Алымбектин элге сиңген көптөгөн эмгектери, унутулбас иш аракеттери болгон. Атүгүл, Курманжан даткадай тарыхый фигураны кыргыз тарыхына белек кылган да Алымбек Датка болгон десек аша чапкан болбойбуз. Арабызда түрк сериалдарын көргөн адамдар арбып баратат. Мына ошолор түшүнө турган тил менен салыштырып айта турчу болсок, Алымбек датка жана анын урпактарына Аллахым ийгилигин жылмайтканда, бул инсандар кыргыздын Эртугрул, Османдарындай эле болмок - деген ой, Алымбек датканын басып өткөн жолун иликтеп жатканымда келди. Бул ойдо канчалык ак же эместигимди билүү үчүн бул материалга жакшылап көңүл бурсаңыз жетиштүү. Ошондо сиз да менин пикириме ынанасыз деген ишеничтемин. Анда эмесе баштадык...
Back to Top