Орусияда жол кырсыгынан 14 кыргызстандык каза болду

Орусиядагы жол кырсыгы: 23-август - аза күнү деп жарыяланды Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгы кыргызстандык 14 жарандын өмүрүн кыйды. Жол кырсыгы 21-августта Николаев районунун Праскавьина жана Новоспасское айылдарынын ортосунда, “Урал“ трассасында болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы элчиликтин маалыматына караганда, жол кырсыгынан 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Дагы үч киши ооруканада жатат, алардын абалы оор экени кабарланды. Президент Садыр Жапаров 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди.
Back to Top