Саякбай Каралаев Тон районнун Ак-Өлөн айылында 1894-жылдын 7-сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Аскер менен бирдикте Сибирде, Алма-Атада, Бухарада Советтик бийликти коргогон. 1921-1931-жж. Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча “Манас“ эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.
#каныкейдинжомогу #манасэпосу #саякбай