«Той Түштүкчө» музыка,текст,аткаруу жана аранжировка: Максатбек Сулайманкулов 1998

1998 жылы Ошко атамы караймын деп баргам. Түштүктө жашап, концерттерди берип жүргөнбүз, анан бизди көбүнчө тойлорго чакырчы эле. Бир тойдо, элдин ичинен бирөө сунушу менен мага кайрылды эле: -Максат ака «Түштүкчө той» жөнүндө бир сонун ыр жазып, тойлордо ырдабайсызбы? деп… Мына ушинтип ушул ыр пайда болуп калды. 10 мүнүттүн ичинде обонун чыгарып, 20 мүнүттүн ичинде сөздөрүн жабыштырып, кечинде тойдо уже ырдап чыктым. -Амма Зор болуптур Максат ака! Шогунан экен! Дадил! деп тигил кайрылган киши тойго келген эл менен бир малда бийлеп кетти! Атасы күткөн Энеси күткөн Мына бүгүн той болот! Баласы күткөн достору күткөн Үйүнө бакыт конот. Тууганы келди, коӊушу келди Келди да кудагый, кудасы Эл толуп келди, шаӊданып келди
Back to Top