Президент Монголиянын улуттук Наадам майрамына катышты

Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Монголияга болгон мамлекеттик сапардын алкагында ардактуу конок катары Улан-Батор шаарындагы улуттук Наадам майрамынын ачылыш аземине катышышты. Наадам жыл сайын Монголиянын ар тарабында белгиленип, бул майрамда салттуу ат чабыш, күрөш жана жаа атуу өткөрүлөт. Чакырылган коноктор жана бардык катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланды. Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз Facebook - Youtube (УТРК) - Instagram - Телеграм -
Back to Top