Ленин айылынын окуучуларына автобус тартууланды

“Евразия“ уюму Ленин айылындагы 2 миңден ашык бала окуган мектепке автобус тартуулады. Айыл башчысы Гүлкайыр Ниязованын айтымында, окуучулардын көпчүлүгү мектепке алыстан келет. Бул өз кезегинде, өзгөчө кышкысын кыйын экенин белгиледи. “Жаңы автобус туруктуу маршрут менен иштеп, балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз болушун кепилдейт“, — деди Ниязова. Автобус 20 орунга ылайыкталып, бардык коопсуздук талаптарына жооп берет. Аны “Евразия. Кыргызстан“ коомдук фондунун жетекчиси Кымбат Урумкулова тапшырды. “Бул долбоор аркылуу “Евразия“ уюму Кыргызстандагы мектептерге 100 автобус тартуулады. Жардам билим берүү процессине гана эмес, спорт, туризм, илим жана маданият сыяктуу башка тармактардын да өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенебиз“, — деди Урумкулова. Мындан тышкары, 2024-жылдын сентябрында “Евразия“ уюму жана Кыргызстандын ортосунда кызматташуу келишими түзүлүп, өлкө салтуу баалуулуктар платформасына кошулган. Уюм Бишкек жана Кызыл-Кыяда мектептерди салууга жана оңдоого, ошондой эле Раззаков шаарында стадион жана спорт зал курууга көмөктөшөт.
Back to Top