“Тавхид байрагы” жана “Халифалык” темасын Түркия күн тартибинин негизги темасына айландырды.

Түркиянын Стамбул шаарында 250 миң киши катышкан “Палестинаны колдоо” жүрүшү учурунда, колунда Тавхид байрагы болгон адамга бир жикчил тарабынан чабуул кылынышы “Тавхид байрагы” жана “Халифалык” темасын Түркия күн тартибинин негизги темасына айландырды. Журналист жана жазуучулар бул тууралуу макалаларды жазып чыгышты. Саясатчылар түз эфирде “Тавхид байрагы” жана “Халифалык” темасын талкуулашты. Социалдык тармактарда “Халифалык мамлекети”, “Халифалык байрагы”, “Тавхид байрагы” жана ушул сыяктуу темалар кызуу талкууланды. “Google” изилдөө бөлүмүндө эң көп изделген сөз “Халифалык байрагы” сөзү болду. Бул абал табигый түрдө душмандардын тынчын алды. Кемелчи саясатчылар жана алардын тарапкерлери билип-билбей, Тавхид калимасы менен Халифалык байрагына чабуул кыла башташты. Халифалык темасы көтөрүлгөндө, аны менен бирге табигый түрдө Хизб ут-Тахрир да тилге алынды. Бул болсо, Тавхид калимасы жазылган ак, кара, көк түстөгү байрактарды көтөргөн мусулмандардын жүрүштөрү көбөйүшүнө себеп болду. Бийик-бийик тарыхий имараттарга, көпүрөлөргө жана башка көрүнүктүү жерлерге Тавхид байрактарын илип коюу көбөйдү. Чындыгында, Тавхид байрагы – бул Расулуллах ﷺ Мадинада тикелеген Ислам мамлекетинин байрагы. Т.а. мусулмандар үчүн көркөм өрнөк болгон Расулуллах ﷺ Тавхид калимасы жазылган “Лива” жана “Роя” аттуу ак жана кара түстөгү байрактарды Ислам мамлекетинин байрагы катары белгилеген. Расулуллах ﷺдан кийин келген рошид Халифалар жана алардан кийинки Умавийлер, Аббасийлер жана Усманийлер Халифалыгы доорунда да ушул байрактар мамлекеттик байрак катары колдонулган. Себеби, бул байрактар Ислам акыйдасын чагылдырган Тавхид байрактары болуп эсептелет. Youtube kanal Azat kanal Turkiston kanal Turkiston biz AzatKG Интернет сайт: Биздин телеграмм каналабыз: Биздин кыргыз тилиндеги Фейсбук каналабыз Инстаграм: turkistonkg Бизнинг Фэйсбук ўзбек тилида каналимиз Наш Фэйсбук канал на русском языке
Back to Top