Ташиев: Зулушевдин кайниси кармалды, бирок өзү менен пикир келишпестигим жок

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кытайдан аткезчилик менен ташылган товарлар боюнча кармалгандардын арасында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экендигин билдирди. УКМКнын башчысы Ташиев Зулушев экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок деген пикирин айтты. “Башкы прокурордун кайниси сурак берип жатат. Бул ишке Курманкул Токторалиевичтин өзүнүн, ишинин эч кандай тиешеси жок. Эгерде кайниси камалса, мамлекетке зыян келтирсе, чыгымдарды төлөйт, мыйзам чегинде жазасын алат. Эгер андай болбосо бошотулат. Мындан трагедия кылып, пикир келишпестик болуп жатат дегендик туура эмес. Мамлекеттик чоң кызматтагы адамдардын жакындары мыйзам бузса, аео болбойт“, — деди Ташиев. Ал мындай нерселер, чоң кызматтагылардын жакындары, дос-туугандары аралашкан учурлар көп убакта болуп жүргөнүн, бирок ачыкка чыгарылбастыгын айтты. Ташиевдин билдиргенине караганда президент Садыр Жапаровдун кудасы кармалып, өзүнүн жазасын алган. УКМК төрагасы Садыр Жапаровдун агасынын бажасы “Достук“ чек ара постунда иштеп, кармалып ал да жазасын алганын билдирди. Кармалгандар тууралуу айтып жатканда өзүнүн өкүл баласы да кармалганын эске салды. “Эгерде жогорку кызматтагылардын жакындары кармалса, алар да башка жөнөкөй жарандар сыяктуу эле жоопко тартылат. Бул боюнча президенттин койгон тапшырмасы бар, эч кимди аябайбыз“, — деген Ташиев.
Back to Top