Ош милициясы чыр-чатак тамекинин айынан чыкканын билдирди

Ош облустук милициясы тасмадагы тургун түкүрүү үчүн эмес, «тыюу салынган жайда» чылым чеккени үчүн эскертүү алганын кабарлады. 6-январда интернетке жай тургундар менен милиция кызматкерлери катышкан чуулгандуу видео тараган. Соц тармактагылар тасмадагы талашка белгиленбеген жерде «түкүрүү» себеп болгон деп божомолдошкон.
Back to Top