Бишкекте маршрутка менен жеил унаа сзшп, трт жргнч жабыркады. Видео

Бишкектин Киев көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы болду. Маалыматты окуянын күбөлөрү тастыктап, кырсыктын видеосу интернетке тарады. Видеодон кичи автобус кулап калганы көрүнөт. Тез жардам кызматы окуя болгон жерге эки бригада жөнөтүлгөнүн билдирди. ИИМдин ЖККК башкы башкармалыгы маршрутка менен Honda Odyssey автоунаасы саат 14:00 чамасында сүзүшкөнңн тастыктады. “Кырсыктан кичи автобустагы төрт жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон жерде патрулдук милиция иштеп жатат“, — деп айтылат блидирүүдө. Чакан автобуста онго жакын жүргүнчү, ал эми жеңил автоунаада эки адам бара жаткан.
Back to Top