Президенттин убадасы аткарыла элек! Ак-Ордо-3 конушунун тургундары чогулду. Видео

Бүгүн, 3-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун тургундары президент Садыр Жапаровдун буга чейинки убадалары аткарылбай жатканына нааразы болуп чогулду. Алардын айтымында, президент 1-апрелге чейин жерлери мыйзамдаштырылып, жолдору оңдолорун убадалаган. Азыр анын бири аткарыла элек. Ошол себептен тургундар Жапаровдон бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранышты. “Ноябрдагы чогулушта сиз 1-апрелге чейин кызыл китептерди аласыңар дегенсиз. Бирок андай болгон жок. Биз жерлерди ортомчуларсыз мыйзамдаштырууну суранабыз. Азыр мамлекеттик органдар бул жерден жети үйдү түрттүрөбүз деп жатат. Маселени көзөмөлүңүзгө алууну өтүнөбүз“, — деди конуш тургуну Ашыр. Нургазы аттуу тургун жашоочулар президенттин убадасы аткарылбай жатканына нааразы болуп жатканын кошумчалаган.
Back to Top