Бишкекте уурдалган кыздын сөөгү табылды

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү табылды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон. Милициянын маалыматына ылайык, 7-апрелде Аламүдүн райондук милициясына Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаада аялдын жана эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып Айзада Канатбекованы уурдаган деп шек саналган кишинин «Honda Civic» үлгүсүндөгү машинесин көрүшкөн. Анын ичинен изделип жаткан кыздын кыйноого алынып өлтүрүлгөн сөөгүн жана бычак жеп каза болгон шектүүнүн өлүгүн табышкан.
Back to Top