Москвада Латвия элчилигинде Марат Касемди колдогон акция тт. Видео

Москвадагы Латвиянын элчилигинин жанында мурдараак Ригада камакка алынган Sputnik Литва агенттигинин башкы редактору Марат Касемди колдоо акциясы өттү. “Биз Латвияда камакка алынган жолдошубуз Марат Касемге тилектештикти көрсөтүп, акцияга чогулдук. Биздин максат - аны бошотууга чакыруу. Алар (Латвия бийлиги. – ред.) мындай жол менен каалаган журналистти камайшы мүмкүн, сөз эркиндиги деген аларга эч кандай мааниге ээ эмес. Русофобия – Латвия бийлигинин урааны. Марат Касемдин камалышы бул – өч алуу. Ал Латвия мамлекети тарабынан куугунтуктоо тууралуу айтканы үчүн жазаланып жатат“, – деди митингде “Россия сегодня“ медиа тобунун башкы директору Дмитрий Киселев. Аязга карабай акцияга бир нече ондогон адамдар чогулду. Алар колдоруна “Марат биз сени менен биргебиз!“, “Марат Касемге боштондук“, “Латвия, ал жакта сөз эркиндиги боюнча эмес болуп жатат“, “Сөз эркиндиги эркин түрдө кулап жатат“, “Евробиримдик, соттого даярбы?“ деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушкан. Марат Касем — Латвиянын жараны. Бир нече жылдан бери Sputnik Литва агенттиги кирген “Россия сегодня“ медиатобунда иштейт, Москвада жашайт. Өткөн жылдын декабрь айында ал үй-бүлөлүк абалына байланыштуу Латвияга барган.
Back to Top