“Ынтымак“ командасы көкбөрү боюнча клубдар аралык дүйнө кубогун жеңип алды

Кыргызстандын “Ынтымак“ командасы көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнө кубогун жеңип алды. Жогорку лиганын финалында “ынтымакчылар“ Казакстандын “Астана“ командасынын улакчылары менен күч сынашып, кыргыз спортчулары 10:1 эсебинде утуп алышты. “Ынтымак“ командасына алтын медаль жана 2 миллион сом байге тапшырылды. “Астана“ командасы бир миллион сомго ээ болду. Үчүнчү орунду Кыргызстандын дагы бир командасы — “Достук“ алып, ага 800 000 сом ыйгарылды. Биринчи лиганын жеңүүчүсү деп кыргызстандык “Жаштык“ командасын аныкташты. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Венгрия, Монголия жана Россиянын улакчылары катышты. Мелдеш Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 13-20-август күндөрү өттү.
Back to Top