Мындай шурулар табылбай жатат

Азыр ушул коралл, маржан таштар такыр табылбай жаткан учур. Өткөндө граммын 300 сомдон дешти. Ошондо бир эле боосу 5000 сомго айланып жатат. “Көчмөндөрдө“ бир ата чуркап келип энемдин көкүрөгүндөгү ушул маржан таштарын кармап алып тим эле буркурап ыйлады. “Эмне болду, байке?“ — десем “Эркелигимден энемдин ушундай топ-топ болуп турган шурусун мойнунан жулуп алып, кумга алып барып ойногом. Аай, энемдин мурасы ай. Энемди эстегендей болбодумбу. Эркелигим ай“, — деп... Улгайып эле калган киши... Бирок, ойлонуп кетем. Бизди неберелерибиз эмнебиз менен эстейт?
Back to Top