Кадамжай районунун Ктрм айыл кмтнд 2015-жылы пайдаланууга берилген футбол аянтчасы жараксыз абалга келди.

Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүндө 2015-жылы пайдаланууга берилген футбол аянтчасы жараксыз абалга келди. Аны курууга мамлекеттик бюджеттен 2 млн 81 миң сом жумшалган. Айылдык кеңештин депутаты Сапар Сарыбаев билдиргендей, талааны курган “Ош Аалам“ куруш компаниясы футбол аянтчасына тенниске ылайыкталган көкмайсан төшөгөн.
Back to Top