Жайлоо бала бакчасы

Жайлоо бала бакчасы - Jailoo Kindergartens Кыргызстанда жашаган жүздөгөн үй-бүлөлөр жай айларында бийик тоолуу жайлоолорго чыгышат. Алардын айрымдары жайлоого эс алууга жана жаратылыш менен байланышын чыңдоого барышса, дагы бирөөлөр малчылык менен алектенип, күн көрүшөт. Малчылардын үй-бүлөлөрү 4-5 айга чейин боз-үйлөрдө, вагондордо жашашып, күн өткөрүшөт. Алардын балдары “Жайлоо бала бакчаларынын” негизги тарбиялануучулары болуп саналат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду азыркы учурда “Жайлоо бала бакчасы” долбоорун жакшыртуу жана жайылтуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатат. “Жайлоо бала бакчасы” долбооруна өз салымыңыздарды кошуу жана кошумча маалымат алуу үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондуна кайрылсаңыздар болот: office@
Back to Top