Кыргызстанда заманбап кол протездери жасалып 13 балага акысыз берилди.
Кыргызстанда электроникасыз иштей турган, суудан зыян тартпай турган протездер жасалып, 13 балага акысыз берилди. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллион 789 миң 988 сом бөлүнгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган протездерди Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин техник-протезчилери Сколковонун резиденти — “Моторика“ компаниясынын компоненттеринен жасашкан.
Мекеменин директору Ализа Солтонбекова “Киби“ протезин кийген бала аны өзүнүн дене мүчөсү катары кабыл алууга көндүрсө боло тургандыгын айтты.
“Балдар функционалдык протездерди кичинекей кезинен баштап колдоно башташы керек. Кол протездери баланын кыймылын жеңилдетет, ден соолугунда жаралчу көйгөйлөрдү алдын алып, күнүмдүк тиричилик жеңилдейт“, — деди ал.
“Киби“ — булчуңдардын тартылуусунун эсебинен иштейт. Колдонуучунун күчү керектелет. Бул протезге кошумча тиркемелерди: смартфон кармагычтарды, кол чырактын модулун жана башкаларды орнотсо болот.
Республикалык протездик-ортопедиялык мекеменин “Киби“ кол жана билек протездерин жасоочу протезчилери жана техниктери атайын окуудан өтүп, сертификаттын ээси болушкан.
“Киби“ протездерин жасоого биринчи кадам 2022-жылдын август айында Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, Сколковонун резиденти – “Моторика“ компаниясынын жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин башталган.
140 views
247
63
1 year ago 00:00:38 1
Элкарт Улуттук Төлөм Системасы
2 years ago 00:00:36 173
Кыргызстанда заманбап кол протездери жасалып 13 балага акысыз берилди.
2 years ago 00:01:17 221
Россия Кыргызстанда кура турган 9 мектеп кандай болот?
2 years ago 00:01:44 158
Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү машиналарды тапшырды
3 years ago 00:00:24 257
Бишкекте EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 өнөр жай көргөзмөсү ачылды