Футбол легендасы Майкл Оуэн Мирлан Мурзаевдин голун эң мыкты деп атады. Видео

Футболдун легендасы, “Алтын топтун“ ээси Майкл Оуэн кыргызстандык Мирлан Мурзаевдин Индиядагы голун эң мыкты деп тапты. Оуэн Индиянын 2021-2022 жылдагы супер лигасынын чемпионатындагы эң мыкты беш голду көрсөткөн. Бешинчи орунга улуттук курама команданын чабуулчусу Мирлан Мурзаевди жайгаштырган. Былтыр 18-декабрда Индиянын футбол чемпионатында жергиликтүү “Ченнайин“ клубу Мурзаевдин голу менен атаандаш болгон “Одиша“ тайпасын уткан. Командалар ортосунда эсеп тең болуп жаткан, чечүүчү голду кыргызстандык чабуулчу оюндун 63-мүнөтүндө киргизген болчу.
Back to Top