Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү жерге берилди.

Украинадагы атайын операцияда курман болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады. Маркум менен коштошуу зыйнаты Кара-Балтада өтүп, ага Кыргызстандын жана Россиянын аскерлери, маркумдун жакындары катышты. Сөөгү ал жактагы көрүстөндөрдүн бирине коюлду. Кечээ эртең менен жоокердин сөөгү ЖККУнун Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары кичи мекени Жайыл районуна жеткирилген. Зарифулин келишимдик негизде кызмат өтөгөн сержант эле жана анын Украинада аскердик тапшырмаларды аткаруу учурунда баатырларча курман болгону айтылган. Маркумду авиабазага алып келгенден кийин ал жерге атасы менен агасы чакырылган. Алар менен кошо “Кант“ авиабазасынын командири Алексей Ларин, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташесинин өкүлдөрү болгон.
Back to Top