“Дөөнүн баласы“ дей беришет

Инамидин Бектемиров Бою 2 метр 10 сантиметр Менин атым Инамидин. 28 жаштамын. Боюм 2 метр 10 сантиметр. Боюмдун узундугу генден го. Атам деле өзү чоң киши. 1 метр 90 сантиметрден жогору. Айылдагылар тамашалап дөө дешет. Мен барып калсам “Дөөнүн баласы“, “Дөө келе жатат“ дей беришет. Туугандардан тай жагымдагылардын бою узун. Апамдын чоң аталары... Чоң таяталарым болуп калат. Чоң таятамдын иниси болгон экен, СССР убактарында бакты сыкканда согу чыгып кетчү экен.
Back to Top