Боомдо жол кырсыгы болду, каза болгондордун бар экени айтылууда

Бүгүн Боомдо кичи автобус менен жеңил унаа сүзүштү. Кырсыктын видеосун күбөлөр тартып алган. Алардын айтымында, каза болгондор бар. Видеодо жеңил унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланып кеткендиги, ал эми кичи автобус оодарылып калганы көрүнөт. Бусту ичиндеги жүргүнчүлөрү менен кошо кайра түртүп, тургузушкан. Маалыматты тиешелүү органдар тастыктай элек.
Back to Top