Жоокер Нурсултан Манасбек уулу жерге берилди

29-апрелде Баткенде окко учкан аскер Нурсултан Манасбек уулунун сөөгү 1-майда Аксы районуна караштуу Дейрес-Сай айылында жерге берилди. Маркумдун жакындары Нурсултан мекен үчүн курман болгону, артында туяк калбаганы, мекенчил жигиттин шамы өчкөнүн айтышты. Жоокердин айылдаштары маркумдун аты тарыхта түбөлүк калып, жаштар үчүн мекенге болгон сүйүүсүн ойгото алды дешет.
Back to Top