Кымбат дарылардын көйгөйү. Маселе кантип чечилип жатат?

Адатта баарыбыз өзүбүздүн ден соолукка кам көрөбүз. Ал эми ооруп калганда дарыгерге кайрылуу менен бизге жардам берүүчү дары-дармектердин тизмесин алабыз. Учурда Кыргызстанда жалпы 276 фармацевтикалык компания каттоодон өтүп, калкка 6,5 миңден ашык аталыштагы дары-дармектерди сатып жатат. Бирок дарылардын коопсуз жана натыйжалуулугуна кантип ишенимдүү болобуз? Дал ошол кымбат баадагы дарыны сатып алуу керекпи же андан арзанын издесе болобу? Айрым дарыларды базарларда же интернет аркылуу мыйзамсыз сатуу да уланып келет. Бул жарактуу мөөнөтү аяктаган же фальсифицирленген продукцияны сатып алуу коркунучун бир нече эсеге жогорулатат. Контрафакттык дары-дармектердин курамы туура эмес өлчөмдө болуп, туура эмес ингредиенттер, жада калса уулуу заттар да кошулуп, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен өлүмгө да жеткириши ыктымал.
Back to Top